Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту

Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, College & University, Bishkek.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 23/02/2026

«Codex Cumanicus» жана кыргыз тили

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын академик Ч. Айтматов атындагы адабият институту өздөрү чыгарган илимий эмгектерди коомчулукка таанытууну улантууда. Бул жолу XIII–XIV кылымдардагы жазма эстелик «Codex Cumanicus» тууралуу сөз кылабыз.
«Codex Cumanicus» – орто кылымдагы кыпчактардын тили жана маданиятын чагылдырган көлөмдүү кол жазма. Латын тилинен которгондо бул «Кумандардын китеби – Кыпчак тилинин сөздүгү, жалпы кыпчак тили тууралуу жыйнак» деген маанини билдирет. Кол жазма учурда Италиянын Венеция шаарындагы “Ыйык Марк” улуттук китепканасында сакталып турат.
Эки бөлүктөн турган эстелик байыркы гот жазуусу менен жазылган. Кыпчактар менен кыргыздардын тарыхый байланышынын далили катары «Codex Cumanicus» кыргыз тилинин жана маданиятынын кыпчак менен болгон байланышына байланыштуу уникалдуу маалыматтарды сактап калган.
Китеп 2011-жылы "Avrasyapress" басмаканасы тарабынан жарык көрүп, институттун илимий кызматкери Конурбаева Роза Эсенамановна «Codex Cumanicus (XIII–XIV к.) жазма эстелигинин кыргыз тилине катышы» аттуу кандидаттык диссертациясын коргоп, бул баалуулукту илимий негизде далилдеди.
Бул кол жазма – кыргыздар менен кыпчактардын тарыхый, маданий жана тилдеш байланыштарын көрсөтүүчү баалуу булак.

«Codex Cumanicus» и кыргызский язык

Институт литературы имени академика Ч. Айтматова Национальной академии наук при Президенте Кыргызской Республики продолжает знакомить общественность с ценными научными трудами. На этот раз предметом рассмотрения является письменном памятнике XIII–XIV веков – «Codex Cumanicus»
«Codex Cumanicus» представляет собой объемный средневековый манускрипт, отражающий язык и культуру кипчаков. В переводе с латинского название означает «Книга куманов — словарь кипчакского языка, собрание сведений о языке кипчаков». В настоящее время рукопись хранится в Национальной библиотеке «Святого Марка» в Венеции (Италия).
Памятник состоит из двух частей и написан древнеготическим письмом. В качестве свидетельства исторических связей между кипчаками и кыргызами «Codex Cumanicus» сохранил уникальные сведения о взаимодействии кыргызского языка и культуры с кипчакской традицией.
Книга была издана в 2011 году издательством «Avrasyapress», научный сотрудник Института литературы Конурбаева Роза Эсенамановна защитила кандидатскую диссертацию на тему «Codex Cumanicus (XIII–XIV вв.) и его отношение к кыргызскому языку», тем самым обосновав научную ценность данного памятника.
Эта рукопись является важным источником, демонстрирующим исторические, культурные и языковые связи между кыргызами и кипчаками.

«Codex Cumanicus» ve Kırgız dili
Kırgız Cumhuriyeti Cumhurbaşkanlığına bağlı Kırgız Cumhuriyeti Ulusal Bilimler Akademisi akademik Cengiz Aytmatov Edebiyat Enstitüsü, yayımladığı bilimsel eserleri kamuoyuna tanıtmaya devam etmektedir. Bu kez XIII–XIV. yüzyıllara ait yazılı anıt «Codex Cumanicus» hakkında söz edeceğiz.
«Codex Cumanicus», Orta Çağ Kıpçaklarının dili ve kültürünü yansıtan hacimli bir el yazmasıdır. Latince’den çevrildiğinde “Kumanların Kitabı – Kıpçak dilinin sözlüğü, genel olarak Kıpçak dili hakkında bir derleme” anlamına gelmektedir. El yazması günümüzde İtalya’nın Venedik şehrindeki Biblioteca Nazionale Marciana’da muhafaza edilmektedir.
İki bölümden oluşan bu eser, eski Got yazısıyla kaleme alınmıştır. Kıpçaklar ile Kırgızların tarihî bağlarının bir kanıtı olarak «Codex Cumanicus», Kırgız dili ve kültürünün Kıpçaklarla olan ilişkisine dair benzersiz bilgiler saklamaktadır.
Kitap 2011 yılında «Avrasyapress» yayınevi tarafından yayımlanmış olup, enstitünün bilimsel çalışanı Konurbayeva Roza Esenamanovna “Codex Cumanicus (XIII–XIV yy.) yazılı anıtının Kırgız diliyle ilişkisi” başlıklı doktora (kandidatlık) tezini savunarak bu değeri bilimsel temelde kanıtlamıştır.
Bu el yazması, Kırgızlar ile Kıpçakların tarihî, kültürel ve dilsel bağlarını ortaya koyan kıymetli bir kaynaktır.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 23/02/2026

БААЛУУ МУРАС
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын aкадемик Ч. Айтматов атындагы адабият институтундагы илимий эмгектерди коомчулукка таанытууну улантабыз. Бул жолу кыргыз жана түрк дүйнөсүнүн байыркы мурасы катары белгилүү болгон «Бабыр-баяны» тууралуу сөз кылабыз. Аталган эмгек академик Ч. Айтматов атындагы адабият институтунда изилденип, Төлөгөн Козубеков тарабынан которулуп, академик Абдылдажан Акматалиевдин демилгеси жана баш сөзү менен 2016-жылы «Полиграфбумресурсы» басмаканасында жарыкка чыккан.
Жогорудагы чыгарманын автору орто кылымдагы улуу мамлекеттик ишмер, аскер башчы жана акын Закирдин Мукамбет Бабыр 1483-жылы Фергана өрөөнүндө төрөлүп, кийин Улуу Могол империясынын негиздөөчүсү болгон.
Ал араб, фарсы жана түрк тилдеринде эркин жазып, тарыхый жана адабий мурастарды калтырган. Анын эң белгилүү чыгармасы «Бабыр-баяны» (Бабыр-наме).
«Бабыр-баяны» – автобиографиялык жана тарыхый эмгек. Анда 1493-1529-жылдардагы Орто Азия, Афганистан жана Индиядагы окуялар, элдердин жашоо-турмушу, шаарлардын абалы, табият байлыктары жана маданий өзгөчөлүктөрү кеңири сүрөттөлгөн. Бул эмгек тарыхый документ катары да, адабий мурас катары да түрк тилдүү элдердин баалуу мурасы болуп эсептелет.
ЦЕННОЕ НАСЛЕДИЕ
Институт литературы имени академика Ч. Айтматова Национальной академии наук при Президенте Кыргызской Республики продолжает знакомить общественность с научными трудами. На этот раз речь пойдёт о «Бабыр-баяны», известном как древнее наследие кыргызского и тюркского мира. Данный труд был исследован в Институте литературы имени академика Ч. Айтматова, переведён Төлөгөном Козубековым и и выпущено в 2016 году издательством «Полиграфбумресурсы» по инициативе академика Абдылдажана Акматалиева с предисловием.
Автором данного произведения является выдающийся государственный деятель Средневековья, полководец и поэт Захир ад-Дин Мухаммад Бабур, родившийся в 1483 году в Ферганской долине и впоследствии ставший основателем Империя Великих Моголов.
Он свободно владел арабским, персидским и тюркским языками, оставив богатое литературное и историческое наследие. Наиболее известные его произведения – «Бабыр-баян» (Бабур-наме).
«Бабыр-баян» (Бабур-наме) — автобиографический и исторический труд, в котором описаны события 1493–1529 годов в Средней Азии, Афганистане и Индии. В нем отражены жизнь народов, состояние городов, природные богатства и культурные особенности региона. Это произведение ценится как исторический документ и как литературное наследие тюркоязычных народов.
DEĞERLİ MİRAS
Kırgız Cumhuriyeti Cumhurbaşkanlığına bağlı Ulusal Bilimler Akademisi’nin Kırgız Cumhuriyeti Ulusal Bilimler Akademisi Akademik Cengiz Aytmatov Edebiyat Enstitüsü’nde yürütülen bilimsel çalışmaları kamuoyuna tanıtmaya devam ediyoruz. Bu kez, Kırgız ve Türk dünyasının kadim mirası olarak bilinen «Babür-bayanı»ndan söz edeceğiz. Söz konusu eser, Akademik Cengiz Aytmatov Edebiyat Enstitüsü’nde incelenmiş, Tölögön Kozubekov tarafından tercüme edilmiş ve akademisyen Abdıldacan Akmataliev’in girişimi ve önsözü ile 2016 yılında «Полиграфбумресурсы» (Poligrafbumresursı) yayınevi tarafından yayımlanmıştır.
Bu eserin yazarı, Orta Çağ’ın büyük devlet adamı, komutan ve şairi Zahirüddin Muhammed Babür’dür. 1483 yılında Fergana Vadisi’nde doğmuş, daha sonra Babür İmparatorluğu’nun kurucusu olmuştur.
Babür; Arapça, Farsça ve Türkçe dillerinde serbestçe yazmış, tarihî ve edebî miras bırakmıştır. En tanınmış eseri «Babür-bayanı» (Babürnâme)’dir.
«Babür-bayanı» otobiyografik ve tarihî bir eserdir. Eserde 1493–1529 yılları arasında Orta Asya, Afganistan ve Hindistan’da meydana gelen olaylar; halkların yaşam tarzı, şehirlerin durumu, doğal zenginlikler ve kültürel özellikler geniş biçimde tasvir edilmiştir. Bu eser, hem tarihî bir belge hem de edebî miras olarak Türk dilli halkların değerli hazinelerinden biri kabul edilmektedir.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 20/02/2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы адабият институту өз ишмердүүлүгүнүн алкагында жарыяланган илимий эмгектер менен коомчулукту тааныштырууну улантат.
Институттун кызматкерлери тарабынан дагы бир чоң эмгек - "МАНАС СӨЗДҮГҮ" жарык көрдү.
Эмгек "Манас" эпосунун лексикасын изилдеп, андагы көөнө сөздөрдүн маанилерин аныктап, тактап алуу зарылчылыгынан улам жазылган. Азыркы учурда абдан зор мааниси бар. Эпосто байыркы учурдан бери тарта кечээки эле 17-кылымда болуп өткөн тарыхый окуялардын издери бар. Ар кыл доордогу
окуялар эпостун сюжеттик курамына улам катмарланып, кээ бир сөздөр кийинки муундар үчүн түшүнүксүз болуп кала берген. Бул сөздүк улуу мурасыбыз болгон "Манас" эпосунун сөз байлыгын окурмандарга кеңири түшүнүүгө жардам көрсөтөт деген ишенимдебиз.
Сөздүк академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы астында 4- ирет жарык көрдү.
Түзгөндөр: Абдылдажан Акматалиев, Айнек Жайнакова, Айжан Аалиева, Ширин Алымбекова, Акынбек Бекболотов, Жылдыз Исмаилова, Малина Касымгелдиева, Качкынбай кызы Айгүл, Зарина, Кулбаракова, Сабыр уулу Амангелди, Садырбек кызы Гүлзат, Тойчубек кызы Жазгүл
Эмгек филолог окумуштууларга, мугалимдерге, аспиранттарга, студенттерге жана элдик оозеки чыгармачылыкка кызыккан жалпы окурмандарга арналат.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 18/02/2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы адабият институту өз ишмердүүлүгүнүн алкагында жарыяланган илимий эмгектер менен коомчулукту тааныштырууну улантат. Бүгүн орто кылымдардагы белгилүү илимпоз Махмуд Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” кандайча жарыкка чыкканы тууралуу сөз кылабыз. Бул маанилүү эмгек филология илимдеринин доктору Т. Т. Токоев жана К.С. Кошмоков тарабынан азыркы кыргыз тилине которулган. Ал убакта, 2010-2011-жылдарда, бул инсандар аталган институтта эмгектенишкен.
Ошентип, 2011-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясы астында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан биринчи жолу Махмуд Кашкаринин «Түрк тилдеринин сөздүгү» аттуу III томдон турган фундаменталдуу эмгеги факсимилеси менен чогуу жарык көргөн. “Түрк тилдеринин сөздүгү” – Махмуд Кашгаринин түрк дүйнөсүнүн дүйнөлүк илим казынасына кошкон улуу мурасы экени талашсыз. Түрк элдеринин тили менен адабиятын салыштырып изилдеп, түзүп чыккан XI кылымдагы алгачкы энциклопедиялык эмгек болуп саналат. Түрк тилдеринин лексикалык мурасын терең жана ар тараптуу изилдөөгө арналган бул эмгек илимий чөйрө үчүн гана эмес, жалпы кыргыз эли үчүн да зор мааниге ээ. Академик А.Акматалиевдин демилгеси менен үч томдук болуп кайра иштелип чыккан бул эмгек түрк тилдерин изилдеген окумуштууларга, аспиранттарга, студенттерге жана жалпы тил илимине кызыккан окурмандарга ишенимдүү илимий булак катары кызмат кылуу менен түркология илиминин өнүгүшүнө кошулган олуттуу салым катары бааланары шексиз.
Мындан тышкары, институт орто кылымдардагы ойчулдарыбыз М. Кашгари менен Ж. Баласагындын ишмердүүлүгүн жайылтуу, элге таанытуу багытында башка көп иштерди аткарган.
Алсак, 2003-жылы “Улуу инсандар” сериясынан Кыргыз Мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына карата академик А.А.Акматалиевдин жана Ө.Шаршеналиевдин демилгечилиги жана уюштуруучулугу алдында улуу инсандардын чыгармачылыгы жана алар жөнүндө материалдар камтылган “Ж.Баласагын, М.Кашгари” аталыштагы жыйнак жарык көргөн. Аталган илимий эмгекте Т.Сыдыкбеков, Самар Мусаев, А.Садыков, К.Бертманова, С.Мукасов, А.Бекбоев, К.Артыкбаев, А.Акматалиев, В.И.Шаповалова, Б.О.Орузбаева, М.Толубаев өңдүү ж.б. окумуштуулардын эмгектери камтылган.

2011-жылы жарыкка чыккан “Махмуд Кашгари жана кыргыз маданияты” аттуу жыйнакта орто кылымдагы ойчул, лингвист окумуштуу М.Кашгари анын чыгармачылыгы, эмгеги, көз караштары тууралуу макалалар топтолду. Бул жыйнактан илимий кызматкерлер, аспиранттар, жалпы эле элибиздин өткөн доорлоруна кызыккан окурмандар издегенин таба алышат деген ойдобуз. Анткени бул жыйнакта Т.К. Ахматов, Б.О.Орузбаева, И.Абдувалиев, Т.Токоев, Б.Сагынбаева, К.Т.Жаманкулова, Ж.Шериев, Л.Үкүбаева ж.б. белдүү окумуштуулардын макалалары жарык көргөн.
Ал эми 2014-жылы жарык көргөн “М. Кашгаринин “Түрк тилдеринин сөздүгү” аттуу улуу мурасындагы макал-лакап, ырлар, кошоктор” аталыштагы эмгек илим чөйрөсүнө жана жалпы эле бул жаатта кызыккан окурмандарга тартууланды. “Сөздүктүн” артыкчылыгы мында турат – ар бир сөздүн түшүндүрмөсүнө үлгү катары ар түрдүү адабий жанрдагы тексттерди кеңири пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр түзүлгөндүгүндө жана түрк байыркы тилиндеги үлгүлөрүн мисал келтирүү менен азыркы кыргыз тилине өтө жакындыгын окурмандарга көрсөтүү болуп саналат..
Китептерди түзүү, спонсорлорду тартуу, аларды басып чыгаруу иштерине баштан аяк академик А.А.Акматалиев өзү да түздөн-түз катышып, кошо иштегенин белгилеп кетүү абзел. Жогорудагы мурастарды жыйноо, жазып алуу, китеп түзүп, текст жарыялоо, басып чыгаруу жумуштары кажыбас кайратты, энергияны, өжөрлүктү талап кылган иш экенин, дегеле илимдин жолу талыкпаган эмгекти о.э. сабырдуулукту талап кыларын илимдин жүгүн артынган ар бир адис гана жакшы түшүнөт. Улуу жазуучубуз Ч.Айтматов айткандай, ар жылы Махмуд Кашгари, Жусуп Баласагын сыяктуу улуу инсандарыбыз тууралуу бирден китеп чыгарып турсак руханий бөксөлүгүбүздү толтургандай болор элек.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 18/02/2026

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы адабият институту (бир нече жолу өзгөртүлгөн) “Эл адабияты” сериясынын тексттерин жарыялоо, изилдөө жана жайылтуу боюнча Эгемендүүлүктөн бери көп иштерди аткарды. “Эл адабияты” сериясы боюнча 1996-жылдан 2012-жылга чейин 30 томдук жарык көрдү. 2015-жылдан тартып кол жазмаларда сакталган буга чейин жарык көрбөгөн материалдар менен толукталып 40 томдук болуп алгачкы жолу жарык көрдү. Окурмандарга тааныштыруу максатында тизмелерди сунуш кылабыз.

1. «Кожожаш». – Бишкек: Шам. – 1996.
2. «Эр Төштүк». – Бишкек: Шам. – 1996.
3. «Жоодарбешим». – Бишкек: Шам. – 1997.
4. «Жаныш, Байыш». – Бишкек: Шам. – 1998.
5. «Курманбек», «Сейтек». – Бишкек: Шам. – 1998.
6. «Саринжи, Бөкөй», «Жаңыл Мырза». – Бишкек: Шам. – 1998.
7. «Багыш», «Мендирман». – Бишкек: Шам. – 1998.
8. «Толтой». – Бишкек: Шам. – 1999.
9. «Кедейкан», «Олжобай менен Кишим­жан». – Бишкек: Шам. – 1997.
10. «Макал-лакаптар». – Бишкек: Шам. – 2001.
11. «Муңдук, Зарлык», «Кыз Дарыйка», «На­рикбай». – Бишкек: Шам. – 2002.
12. «Шырдакбек», «Эр Табылды». – Бишкек: Шам. – 2002.
13. «Бостон». – Бишкек: Шам. – 2002.
14. «Табышмактар» – Бишкек: Шам.– 2002.
15. «Жолой», «Тайлак», «Балбай», «Кыргыз-казак окуясы», «Бугу сарбагыш урушу». – Бишкек: Шам. – 2002.
16. «Эр Солтоной». – Бишкек: Шам. – 2002.
17. «Алп Тобок», «Шабдан казалы», «Жети эрдин өлүмү». – Бишкек: Шам. – 2002.
18. «Нуркан», «Аcан менен Гүлбара», «Эшимкул менен Зуура». – Бишкек: Шам. – 2002.
19. «Тарыхый ырлар, кошоктор жана окуя­лар». – Бишкек: Шам. – 2002.
20. «Балдар фольклору».– Бишкек: Шам. – 1993.
21. «Кошоктор». – Бишкек: Шам. – 1998.
22. «Ак Мөөр» жана арман ырлары. – Бишкек: Шам. – 2003.
23. «Байтик баатыр», «Жаманкара баатыр». – Бишкек: Шам. – 2003.
24. «Cанат, наcыят жана эмгек ырлары». – Бишкек: Шам. – 2003.
25. «Гүлгаакы», «Кыз Cайкал». – Бишкек: Шам. – 2003.
26. «Аcан менен Жамал», «Болот». – Бишкек: Шам. – 2003.
27. «Карач дөө», «Эр Эшим». – Бишкек: Шам. – 2003.
28. «Көкүл, Карач Көкүл». – Бишкек: Шам. – 2003.
29. «Cүйүү ырлары».–Бишкек: Шам.– 2003.
30. «Каада cалт ырлары жана баталар». – Бишкек: Шам. – 2003.
31. «Элдик поэмалар». – Бишкек: Бийиктик. – 2012.
32. «Кожожаш». 1-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 256 бет.
33. «Эр Төштүк». 2-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 568 бет.
34. «Эр Табылды». 3-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 388 бет.
35. «Жаныш, Байыш». 4-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 568 бет.
36. «Курманбек». 5-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 396 бет.
37. «Олжобай менен Кишимжан». 6-том. – Бишкек: – «Аррасия-пресс», – 2015, 456 бет.
38. «Жоодарбешим». 7-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015-жыл. 342 бет.
39. «Саринжи,Бөкөй, Кыз Сайкал». 8-том. – Бишкек: – «Аврасия-пресс», – 2015, 428 бет.
40. «Жаңыл мырза». 9-том. – Бишкек: – «Аррасия-пресс», – 2015, 368 бет.
41. «Мендирман, Сейитбек». 10-том. – Бишкек: – «Аррасия-пресс», – 2015, 300 бет.
42. «Кедейкан», «Шырдакбек», «Тайлак баатыр», «Эмгек ырлары». 11-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 552 бет.
43. «Көкүл, Карач-Көкүл», «Арман ырлары» 12-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 740 бет.
44. «Эр Эшим, Макал-лакаптар». 13-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 552 бет.
45. «Эр Солтоной, Жаманкара баатыр». 14-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 504 бет.
46. «Элдик поэмалар». 15-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016-жыл. 572 бет.
47. «Кыргыз эл кошоктору». 16-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 570 бет.
48. «Тарыхый ырлар». 17-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016, 528 бет.
49. «Ак Мөөр, Алп Тобок, Шабдан баатыр». 18-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016-жыл. 492 бет.
50. «Санат, насаат ырлары». 19-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2016-жыл. 472 бет.
51. «Каада-салт, ырым-жырым». 20-том.
52. «Жомоктор (жаныбарлар тууралуу)» 21-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 556 бет.
53. «Кереметтүү жомоктор». 22-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 552 бет.
54. «Турмуштук жомоктор». 23-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 567 бет.
55. «Байтик баатыр баяны, Табышмактар, Жаңылмачтар, Калптар». 24-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 544 бет.
56. «Чечендик сөздөр, учкул сөздөр, тамсилдер, мыскылдар, анекдоттор». 25-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 604 бет.
57. «Миф, уламыш, легенда». 26-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 552 бет.
58. «Элдик оюндар, Дин ырлары, Күү ырлары». 27-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 570 бет.
59. «Сүйүү ырлары». 28-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 608 бет.
60. «Балдар фольклору». 29-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 596 бет.
61. «Чет элдик кыргыздардын фольклору (Тажикистан, Өзбекстан, Кытай, Туркия)». 30-том. – Бишкек: – «Принт-экспресс», – 2017, 576 бет.
62. «Куудулдар». 31-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 612 бет.
63. «Бостон, Эшенкул менен Зуура» 32-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 772 бет.
64. «Баатырдык жомоктор». 33-том – Бишкек: – «Турар», – 2018, 520 бет.
65. «Чүй областынан чогултулган фольклордук материалдар». 34-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 684 бет.
66. «Ысык-Көл областынан чогултулган фольклордук материалдар». 35-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 588 бет.
67. «Талас областынан чогултулган фольклордук материалдар». 36-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 528 бет.
68. «Баткен областынан чогултулган фольклордук материалдар». 37-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 532 бет.
69. «Ош областынан чогултулган фольклордук материалдар». 38-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 604 бет.
70. «Нарын областынан чогултулган фольклордук материалдар». 39-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 552 бет.
71. «Жалал-Абад областынан чогултулган фольклордук материалдар». 40-том. – Бишкек: – «Турар», – 2018, 576 бет.

Эмгектердин тизмесин түзгөн Ч.Айтматов атындагы Адабият институтунун Окумуштуу катчысы, ф.и.к., Тойчубек кызы Жазгүл.

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 13/02/2026

12. Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата...(уландысы) 12.02.2026.
Мына ушул “Ысык-Көл форумунун” алгачкы мүчөлөрү Кыргызстан жазуучулар Союзунун имаратында акын-жазуучулар менен жолугушуп, тынчтык, ынтымактык, билим, илим ж.б. маселелер жөнүндө кеңири пикир алышуулар болгон. Ошондо аларга Фрунзе шаарынын Ардактуу атуулу деген наам баарына, анын ичинде Чыңгыз Айтматовго да берилген. Эң кызыгы Чыңгыз Айтматовдун Ардактуу наам алышы кийин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешке талапкер болгондо өтө пайдасы тийген эле. Ал жөнүндө мен өзүмдүн күндөлүгүмдө жазганым бар.
1997-жылы Ысык-Көл форуму Кыргызстанга кайра кайрылып келди. Биринчи форумга катышуучулардын ичинен Федерико Майор жана Зульфу Ливанели экөө катышты. Кийин Ак үйдүн жетинчи кабатында өттү.
Демократиянын шарапатынан улам, Ак үйдүн эшиги көптөгөн интеллегенциянын өкүлдөрү үчүн ачык болду. Белгилүү композитор Муратбек Бегалиев форумга карата атайын симфония жазып, көрүүчүлөргө тартуулады. Глобалдык маселелер жөнүндө сөз болду.
Жыйындын саналуу өкүлдөрү Чыңгыз агайдын үйүндөгү чайга катышты.
(уландысы бар)
Абдылдажан Акматалиев .

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 13/02/2026

11. Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата...(улдандысы)11.02.2026.
1987-жылы 22-октябрда Швецариянын Венген шаарында Питер Устиновдун жана
1988-жылы 9-декабрда Испанияда Гренадада Генералдык директору Федерико Майордун демилгелери менен өткөн.
“Ысык-Көл форумунун” экинчи жолугушуусуна жаңы мүчөлөр да жазуучу, драматург Фридрих .Дюрренматт (Швецария), архитектор Роже Тайибер (Франция), скульптор Имре Варга (Венгрия), сүрөтчү Джузеппе Сантолиза (Италия) ж.б. 20 га жакын маданият жана искусство ишмерлери чакырылган. Форумду англис жазуучусу жана актеру Пижер Хотинов ачып, заманыбыздын актуалды маселелерин чечмелөө үчүн жаңыча ой жүгүртүү жана жаңы мамилелер зарыл керек экендигин баса белгиледи., форумдун катышуучулары “Жаңыча ой жүгүртүү жана дүйнөдө аны жайылтуу тоскоолдуктар”, “Азыркы маданият жана жаштар” сыяктуу учурдагы маанилүү проблемаларды талкуулашкан.
“Ысык-Көл форумунун” президенти Чыңгыз Айтматов М.С.Горбачев менен жыйындын катышуучуларынын жолугушуусуна токтолуп, ядролук алааматты болтурбоо үчүн активдүү күрөш жүргүзүү, дүйнөлүк маданияттын өнүгүшү ж.б. маселелер боюнча чыгармачыл интеллегенциянын өкүлдөрүнүн ортосундагы пикир алмашуунун пайдалуу экендигин көрсөттү. Ал азыркы адабияттагы байкалган тенденциялар жана совет коомунун турмушунун бардык тармагында болуп жаткан кайра куруу процессиндеги проблемалар жөнүндө ой бөлүшкөн. Жазуучу жаңыча ой жүгүртүүнү калыптандырууну ар бир ак ниет художник адамзаттын акыл-ээсинин өнугүшүндөгү жаңы этап катары карап, колдоого аларына ишенет.
Америкалык драматург Артур Миллер ар кандай коомдук түзүлүштөгү мамлекеттер улам барган сайын эл аралык мааниге ээ универсалдуу проблемаларды чечмелөөгө туура келип жаткандыгына байланыштуу дүйнөлүк маданият ишмерлеринин формалдуу эмес уюмдарынын чоң мааниси бар экендигин белгилеген. Анткени өз ара пикир алышуудан жаңы идеялар көбүрөөк жаралып, аны жүзөөгө ашырууда коллективдин жалпы аракеттенүүсү натыйжалуу болот.
П.Устинов өз сөзүндө информациялык каражаттардын адамдарды тарбиялоодогу өзгөчө ролуна жана маанисине жогору баа берген. Ал саясатта, ал тургай экономикада терс көрүнушкө ээ болгон “душман”, “каршылаш” деген концепциядан баш тартуу жаңыча ой жүгүртүүнүн корүнүштөрүнүн бири экендигин баса белгилеген. Адамдардын ортосундагы ишенимге тоскоол болуп келген тосмолорду алып таштоо зарылдыгы жөнүндөгү ой П.Устиновдун сөзүнүн негизги өзөгүн түзөт. Форумдун жаңы өкүлү швецариялык жазуучу жана драматург Ф.Дюрренматт коллегаларынын көңүлүн адамдын өмүрүнүн баалуулугуна, маанилүү саясий чечимдерди кабыл алууда интеллектердин ойной турган ролуна бурган. Рим клубунун президенти А.Кинг адамдардын ортосундагы формалдуу эмес карым-катыштардын максатка ылайыктуулугун белгилеген. Бул ойду түркологиялык композитор жана ырчы О.Ливанелли байланыштын натыйжалуулугу маданият ишмерлеринин алдында жаңы мейкиндиктерди ачат деп уланткан. Француз архитектору Тайибер жакшы санаалашты өркүндөтүү адамзаттын өнугүшүнө өз үлүшүн кошоруна ишенет.
Композитор Х.Циммер (Батыш Германия немец жаштар келечекке ишенбеген көз карашта жашап жатканын белгилеген.
Ошондой эле форумдун катышуучулары көркөм чыгармаларды окуу, спектаклдерди коюу кризиси тууралуу да сөз кылышкан.
Бул жолугушуунун жыйынтыгында, жаңыча ой жүгүртүүнү адамзат аң-сезимине киргизүүнү, инфформациялык согушту токтотуп, ачык-айкын маалыматтарды басма сөздөрдө жана жыйындарда жайылтууну, элдер ортосундагы өз ара түшүнүүнү жана ишенимди пайда кылууну, тез-тез жолугуп турууну сунуш кылышкан.
Жалпы коомчулук “Ысык-Көл форумунун” жолугушуусуна аябагандай зор маани беришкен. Эл аралык жана борбордук басма сөздөрдө теле-радио берүүлөрдө форумдун максаты жана жетишкен ийгиликтери пропагандаланган. Окурмандардан уюмдун президенти Чыңгыз Айтматовго жана редакцияларга көптөгөн каттар келип түшкөн. Каттарда “Ысык-Көл форумунун” ишинин жүрүшүн толук колдошуп, ийгиликтерди каалашкан.
(уландысы бар)
Абдылдажан Акматалиев

Photos from Чынгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту's post 10/02/2026

10. Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына карата...(уландысы) 10.02.2026.
Ошентип, «Ысык-Көл форумунун» жаңырыгы тынчтыктын жарчысы катары дүйнөнүн төрт бурчуна тарады. Маданият ишмерлеринин аңгемелешүүлөрүнөн дүйнө эли дал ушундай барчылыкка ылайык жалпы тил табышууну күтүшкөн, кездешкен, каалашкан эле, кыйын натыйжалуу жана жемиштүү болду.
Форумдун президенти Ч.Айтматов ООН, ЮНЕСКО сыяктуу уюмдардын жетекчилери менен бирдиктүү иш алып баруу программаларын талкуулаган.
Ч.Айтматов 1987-жылы 14-16-февралында Москвада болуп өткөн “Ядросун дүйнө үчүн, адамзаттын аман калышы үчүн” эл аралык форумунун “Тегерек столуна” жетекчилик кылган. Чет элдик өкүлдөр “Ысык-Көл форумуна” өтө жогору баа беришкен. Жыйындын жумушчу заседаниеси болуп, форум жаңы мүчөлөр менен толукталган. Форумдун штаб-квартирасы борборубуз Москвада түзүлгөн.
Артур Миллер жубайы менен Америкага кайтып барышканда, көркөм интеллегенция өкүлдөрү алардан “Ысык-Көл форуму” жөнүндө өтө кызыгуу менен сурашкан. Ошондой эле Олвин Тоффлер жана жубайы Хайди Тоффлер Ак үйгө Ысык-Көл жолугушуусунун катышуучуларынын билдирүүсүн жана форумдун ишмерлери менен жолугушууга президент Рейганга өзүлөрүнүн сунушун беришкен. А.Форти искусство жана илим боюнча Бүткүл дүйнөлүк академиянын президенти К.Г.Хеденге “Ысык-Көл форумунун” билдирүүсүн тапшырган.
Кыргызстанда болуп кетишкен меймандар өз мекендерине Советтер Союзундагы өзгөрүүлөрдү, кыргыз элинин жетишкендиктерин, мейман достугун, көл жээгиндеги сүйлөшүүлөрдүн максатын кеңири жайылтышып, пропагандалап, макалалар жазышкан, эл алдында чыгып сүйлөшкөн. Ал эми Чыңгыз Айтматов бул туурасында болсо бир топ жолу борбордук, республикалык басма сөздөрдө, теле-радиодо пикир бөлүшкөн.
Форумдун президенти менен өз ара алака түзүү үчүн Великобритания СССР ассоциациясынын Генеральный секретары Давид Роберте менен Батыштагы эң таанымал жазуучу Джон Ле Карре келишкен. Алардын ортосундагы көп коллектив менен инсандын карым-катышы дүйнөдөгү сыр жашырмай өнөкөтү тууралуу болду. Ар бир жеке инсандын бактысынын асыл маңызын, жөнү жок сыр жашыруунун керек эместигин белгилешти.
Финляндия Республикасынын Президенти М.Койвиото жакында эле өлкөбүзгө жасаган официалдуу визити учурунда эл аралык “Ысык-Көл Форуму” – бул үмүт нуру. Бүгүнтөн эле үмүттөөнүн жана оптимизмдин духу сезилип турарын айткан.
“Ысык-Көл форумунан” кийин ар кайсы өлкөлөрдө эл аралык абалда бир топ өзгөрүүлөр болгон эле. Советттик-америкалык мамилелердин жакшырышы, өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн тез арада болуп турушу тынчтыкты сактап калууга болгон алгачкы конкреттүү кадамдар болуп саналат. Бүткүл дүйнө эки өлкөдө чоң натыйжаларды күтүүдө. СССР менен АКШнын өкүлдөрү орто жана жакын аралыкка атуучу ракеталар боюнча келишимди түзүүгө даяр экендиктерин билдиришти. Мына ушуга байланыштуу М.С.Горбачев 1987-жылдын 1-ноябрдан тартып орто жана жакын аралыкка атуучу ракеталарды чыгарууга, сынооого жана жайгаштырууга байланышкан бардык иштерге мароторий жарыялоону сунуш кылган. Эки тарап тең чабуул коюучу стратегиялык куралдарды кыскартуу – бул ядролук жарышка куралданууларды токтотуу ишинде негизги маселе деп эсептешти. Бирок ошондой болсо да ишкердүү кызматташтык өтө кыйынчылык менен жатат. Перси булуңундагы абал советтик-америкалык мамилелерди татаалдантышы мүмкүн.
(уландысы бар)
Абдылдажан Акматалиев.

09/02/2026

Кыргыз адабиятынын тарыхы VI том
Бул эмгек улуттук жазма адабиятка арналган «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» Vl томун түзөт. КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунда даярдалып, академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында жарык көргөн.
«Кыргыз адабиятынын тарыхынын» алтынчы томунда улуттук жазма адабиятыбыздын пайдубалын түптөөгө жана анын профессионалдык деңгээлге көтөрүлүшүнө орчундуу салым кошкон жазуучулардын чыгармачылык портреттери орун алган.
Бул томдо кыргыз жазма адабиятынын пайдубалын түптөгөн алгачкы калемгерлерден тартып, чыгармачылыгы өткөн кылымдын кыркынчы жылдарынын аягы – элүүнчү жылдарынын башында башталган акын-жазуучулардын чыгармачылык бейнеси кеңири ачылып берилди.
XX кылымдын соңунда коомдо болуп өткөн тарыхый өзгөрүүлөр көркөм адабияттын мурасын кайра баалоону, кылым менен кошо тарыхтын энчисине айланган өзүнчө бир чоң этапты кайрадан карап чыгууну талап кылууда. Улуттук көркөм сөз өнөрүнүн жана адабият илиминин мындан аркы өнүгүшү үчүн бул улуттук маданий зарылдык болуп эсептелет. Мындан сырткары, жогорку окуу жайларында адабиятты окутууну жаңылоо, учурдун талабына шайкеш келтирүү маселесин да эстен чыгарууга болбойт.
«Тарыхтын» мурдагы чыгарылыштарынан айырмалуу орчундуу жаңылыгы катары белгилей кетүүчү нерсе – мында тоталитардык мамлекеттин түзүлүш шартында оор идеологиялык айып тагылган С. Карачев жана К. Тыныстанов, чыгармачылыгы кеңири иликтенүүгө муктаж болуп келаткан алгачкы муундагы калемгерлер О. Лепесов, Ш. Көкөнов, Б. Калпаков, Б. Кененсариев, М. Токобаев, М. Абдукаримов жана 50-60 жылдардагы акын-жазуучулар Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Т. Сыдыкбеков, А. Токтомушев, Р. Шүкүрбеков, А. Осмонов, Н. Байтемиров, М. Алыбаев, К. Эсенкожоев, С. Эралиев, М. Жангазиев, Т. Абдымомунов, Т. Байзаков, С. Жусуев, К. Каимовдун өмүр таржымалдары, чыгармачылыгы өзүнчө портрет катары берилди.
Алтынчы томду жазууга катышкан авторлор коллективи биринчи кезекте ушул илимий жана практикалык муктаждыктарды көңүлгө түйүүгө аракеттенип, объективдүү жагдайларды эске алуу менен он томдуктун жазма адабиятка арналган томдорунда жалпылоочу мүнөздөгү обзордук макалаларды бербестен, жалаң гана жазуучулардын чыгармачылык портреттерин берген. Ошону менен бирге, кыргыз адабиятынын мурдагы «Тарыхтарына...» жана «Очерктерине...» салыштырганда бул жолу жекече чыгармачылык портрет иретинде берилген акын-жазучулардын катары алда канча кеңейтилди. Биздин оюбузча, мындай методологиялык ыкма адабий өнүгүштөгү азыркы кырдаалдын өзгөчөлүгүнө жана адабиятты окутуунун практикалык муктаждыктарына жооп берет.

Want your school to be the top-listed School/college in Bishkek?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address

Bishkek

Opening Hours

Monday 08:30 - 17:30
Tuesday 08:30 - 17:30
Wednesday 08:30 - 17:30
Thursday 08:30 - 17:30
Friday 08:30 - 17:30