15/03/2022
🪔Акыркы учурда мен көп ойлонуп жүргөн көйгөй бар.
🔸️Мугалимдер коомдо эмне үчүн кадыр баркын жоготууда?
🔸️Мунун негизи мугалимдер өзүбүздө да күнөө болуп жаткандай.
🔹️Балдар,окуучулар тартиби жок,азыркы жаштар ушундай деп кеп калабыз.
🔸️Эмне үчүн мугалимдер жоопкерчиликтүү иш алып барбайт,себеби азыр эптеп жогорку окуу жайды бүтөбүз анан иштеп баштайбыз ,өзүн-өзү өнүктүрүү изденүү деген жок эмес ,бар ,бирок өтө аз.
🔸️Эң эле аз дегенде мугалимдер өзүн коомдо кантип алып жүрүүнү,сүйлөө маданиятын б.а. педагогикалык кесиптин
этика -эстетикасын билбейбиз.
💮Өтө өкүнүчтүү....
Акыркы жаңылыктарды ачсаң эле жапа чеккен мугалимдер же тарбиясы жок окуучулар деп коомдо өтө төмөнкү деңгээлге жетти.
🪔Баарын көрүп туруп жыйынтыкка келишибиз керек да ! 🔸️Ата-энелер ,мугалимдер да атайын окуулардан өтүшүбүз өтө зарыл деп ойлойм.
🔸️Мисалы, ата-энелер үйүндө балдарын карабайт ,ушак кеп менен алек.
🔸️Мугалимдер эптеп сабак өтөбүз,окуучуларга жакшы түрткү бере албайбыз ,тарбиянын үстүндө иштөө жокко эсе ,курсактын камын ойлоп жүргөн мугалимдер четтен чыгат .
🔸️Муну менен мен эмнени айткым келди.
Кесибин сүйүп эмгектенип ар дайым жаңылануу менен сабак өтүлүп турса жогорудагы маселе азыраак болот беле?
Мугалимдерге колдоо жок билем ,бирок бизди мугалим бол деп эч ким мажбурлаган эмес да .
Кичине айлык алсак да,көп алсак да ошону актап иш алып баруубуз абзел.
Бул менин жеке оюм болгону.
А сиз кандай ойлойсуз, мугалимдер күнөөлүбү же окуучуларбы?
#мугалиммөмөлүүдарак
#мугалимнурайойлор