16/04/2026
#Биздин бала бакчада өткөрүлгөн «Жүгөрү эгүү» аттуу долбоордук иш ийгиликтүү жыйынтыкталды. Долбоордун жүрүшүндө тарбиялануучулар жаратылышка кам көрүү, эмгекти баалоо жана өсүмдүктөрдү өстүрүүнүн негизги этаптары менен таанышышты. Балдар өз колдору менен жүгөрү эгип, аны сугарып, байкап, чоң кызыгуу жана жоопкерчилик менен катышышты.
Бул иш-чара балдардын эмгекке болгон сүйүүсүн арттырып, жаратылышка болгон аяр мамилесин калыптандырууга чоң салым кошту. Ошондой эле алар сабырдуулукка, тыкандыкка жана биргелешип иштөөгө үйрөнүштү.