05/02/2026
2026- жыл
3-февраль
🌺🌸🌷КЫРГЫЗ ТИЛИ: КЕЧЭЭ, БҮГҮН ЖАНА ЭРТЕҢ »🌺🌸🌷
№1 Т.Балтагулов атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде мугалимдер арасында «Кыргыз тили: кечээ, бүгүн жана эртең» деген темада кыргыз тили жана адабияты мугалимдери Ж.Б.Алчынбаев жана Г.Т.Рысымбетованын жетектөөсүндө тегерек стол уюштурулду. Иш-чарага Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.К.Атаярова катышып, мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө байланыштуу маанилүү ой-пикирлерин ортого салды.
Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз тилинин тарыхый өнүгүү жолуна сереп салуу, бүгүнкү күндөгү билим берүү системасындагы ордун талдоо жана келечекте мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоо болду.
Тегерек столдун жүрүшүндө райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы кыргыз тилинин мамлекеттик тил катары коомдогу ролу, мектептеги тил саясаты, мугалимдердин жоопкерчилиги жана жаш муунду тилге болгон сый-урматка тарбиялоонун мааниси тууралуу кеңири баяндама жасады. Ошондой эле мугалимдердин суроолоруна жооп берип, сунуш-пикирлерин укту.
Мугалимдер кыргыз тилинин кечээки тарыхый жолу, бүгүнкү күндөгү окутуу тажрыйбалары жана эртеңки келечеги тууралуу ой бөлүшүп, жаңы ыкмалар, инновациялык усулдар, санариптик ресурстарды пайдалануу маселелерин талкуулашты.
Иш-чара жандуу, мазмундуу өтүп, конструктивдүү пикир алмашуу менен коштолду. Жыйынтыгында кыргыз тилин сактоо, өнүктүрүү жана келечек муунга жеткирүү ар бир педагогдун негизги милдети экендиги белгиленип, мындай иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүп туруу зарылдыгы айтылды.
Кыргыз тилин өнүктүрүү — ар бир мугалимдин ыйык милдети!