4-biylik.kg

4-biylik.kg

Share

Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from 4-biylik.kg, Улица АКбдымомунова, 193, Бишкек.

19/11/2024

Китепти журналисттер алышты.
Башкаларына жок.
Ким жетишпей калса, кайра чыгарууга туура келет.
Китептеги жазуу "алтын" менен жалатылган

05/11/2024

Китеп журналисттерге тарап жатат

Photos from 4-biylik.kg's post 17/05/2024

Жогорку Кеңеште аталар мыйзамы боюнча талкууга катыштык. Демилгечи Элнура Кулуева. Жогорку Кеңештин депутаттары жазып жатышат

13/05/2024

Бизнести онлайн үйрөнүп жаткандарга сабак берем. Булар аракетчил адамдар

Photos from 4-biylik.kg's post 29/04/2024

"Копирайтинг" тренингинде окуучуларым менен

Photos from 4-biylik.kg's post 27/04/2024

Жыргалаңда Лениндин сүрөтү илинүү. Биз коттеджде сүрөткө түштүк. Караколдо поэзия кечесин өткөрдүк

11/04/2024

Кыргыз тилине өзгөчө күйгөн мамлекеттик кызматкерлердин сап башында Нурланбек Шакиев турат. Качан караба кыргыз адабий тилинде сүйлөп, жазып, башкаларды да үндөп келет. Балдарга кыргыз ысымдарын бергиле, кыргыз тилинде сүйлөп үйрөткүлө, арабдашып, европалашып, орусташып кетпегиле дегенин колдойм. Азыр кыргыздар пиджин тилде (бузулган, аралашкан, кертилген, кемиген) сүйлөп, жазып жатышат. Кыргызга кыргыз тилинде жаздыра албай убарамын. Кыргыздын душманы кыргыз экен. Кыргыз тилин кордоп, тебелеп келатышат. Ал боюнча аңгеме да жаздым. Орус тилин деле жакшы билбейт, бирок кыргыз тилинде жаза албайт. Мисалы, "турецкий носкилерди оптом и розница гарантия менен сатам", - деп жазат. Сатам деген сөз эле кыргызча. Качественный, школа, остановка, ладно, хорошо деген сөздөрдү аң-сезим түпкүрүнө чейин киргизишти. Кичинекей балдарына сөзсүз орусча сүйлөшөт, аны бир мактаныч көрүшөт.
ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев эң туура маселени көтөрдү, колдошубуз керек.

28/03/2024

1924-жылы РСФСР курамында Кара-Кыргыз автономиялуу областы түзүлгөн.
1926-жылы Кыргыз автономиялуу областы автономиялуу республикага айланган.
1936-жылы 15 союздук республиканын бири болуп Кыргыз ССРи түзүлгөн.

16/03/2024

БИЗДИН ПРЕЗИДЕНТ
Камкор ата, мыкты уул, сүйкүм күйөө,
Кудай берген башчыга баары күбө.
Эл үчүн деп эчен жыл башын сайган,
Жапаровдой Президент бизде бирөө.
Ысмы калат тарыхта өчпөс болуп,
Көсөм болот көп иште, көрө-көрө.

Кыргызстан өнүгөт, дүйнө карап...
Манас баатыр эрдиги кайталанат.
Кылым баскан из менен кыргыз эли,
Жолго түшүп, атагын кайта алат.
Жапаровдой Президент көч баштаса,
Өлкө өнүгөт, урпактар сыймыктанат.

Канча иштер козголуп, даң салууда,
Келечектүү долбоорлор жанданууда.
Көмүскөдө өлкөнү тоногондор,
Казынага алганын кайтарууда.
Аз эле жыл көрсөткөн иштери үчүн
Коңшу өлкөлөр карашып, таңданууда.

Тоолук кыргыз ар дайым кыйын чыккан.
Бири-бирибизди колдосок ынтымактан.
Миллиарддаган бак-дөөлөт өзү келет,
Тоолор ичи толтура байлык баткан.
Президенттин иштери ийги болсун,
Күч-кубаты кудурет бир Аллахтан!
Сымбат Максутова
16.03.2024

02/03/2024

СОЛТО ЧЕЧЕНДИН ЧҮЙ, ЫСЫК-КӨЛ АЙМАГЫН БӨЛҮШҮ
КЕРКАШКА АТТЫН БАЙГЕСИ
Солто саяктын чечени, бийи, акылманы деп аталган. Ал сүйлөгөндө эл тыптынч болуп тыңшап калчу экен. Анын даңазасы өзгөчө Керкашка аттын баш байгесин чечкенде (1888-1889-жылдар), Ормон ханга кун төлөө маселеси менен саяк, сарыбагыштардын чек арасын бөлгөндө (1856-1857-жылдар) угулган. Керкашка аттын чырлуу байгеси төмөндөгүчө болгон.
1886-жылы Чыныбай оез дүйнөдөн өтөт. Жыл айланып анын ашына бүт эл чакырылат да Чүйдөгү солто элине кабар айтылбай калат. Ага карабай солтолор даңазалуу күлүк, Байтиктин керкашкасын алып келип аламан байгеге кошот. Ат чабышта Керкашка адатындай эле биринчи чыгып келет. Бирок бугу-саяк биригип, “чакырыксыз келген атка байге жок” деген шылтоо менен баш байге – миң жылкыны солтолорго бербей коюшат. Арадан жылдар өтүп, 1890-жылдары Шабдан баатырга солто менен сарыбагыштын атка минер жакшылары чогулушуп, үч чоң маселени чечип берүүсүн өтүнүшөт.
Биринчиси – бугу элинен Ормон хандын кунун алуу;
Экинчиси – Керкашка күлүктүн миң жылкы байгесин өндүрүү;
Үчүнчүсү – саяк, сарыбагыштын жер чегин ажыратуу.
Буга Шабдан баатыр макул болуп, “солто-сарыбагыш ишенген бир кадырман адамын, бугу-саяк да бир акылман адамын ортого чыгарсын да, экөө эмне деп чечсе бүтүм ошондой болсун” деген сунушун айтат. Садыр аке да бул сунушту макул көрөт. Эл да макул болот. Шабдан баатыр солто-сарыбагыштан кочкорлук Шаменди ортого чыгарат. Бугу-саяктан Солто чечен чыгат. Ошондо Солто эл алдына чыгып, Шабдан баатырга: “Эгерде экөөбүздү калың элдин алдына койсоңор, ар кими ар кайсыны айтып, чыр чыгып, маселе чечилбей калышы мүмкүн. Бизге мынчалык укук бергенден кийин бир боз үйгө ээн койгула. Биз кабыл алган бүтүм өзгөртүүсүз туура болуп чыксын, оошондо гана эл мүдөөсү орундалат”, - дейт. Буга баары макул болот.
Экөөнү сегиз канат боз үйгө жайгаштырышат. Жайланышкандан кийин Солто Шаменге карап: “Сиз зор ишенимге ээ болгон эл кадырманысыз, жашыңыз да улуу. Бүтүмдү сиз чыгарыңыз, мен катчыңыз болуп жазып турайын”, - дейт. Шамен сүйүнүп кетип мындай дейт:
1. Ормондун куну – тогуздан тогуз, токсон чепкен, ай туяк алтын болсун! Башын ийкеп Солто бүтүмдү кагазга түшүрөт.
2. Керкашка аттын баш байгеси миң жылкы – бугу-саяктан солто элинин пайдасына өндүрүлүп берилсин!
3. Саяк-сарыбагыштын чек арасы Кызыл-Саз, Бууган (Балыкчы) менен ажыратылсын.
Буларды айтып, Шамен аксакал кымыздан ууртай өзүнө ыраазы боло компоет. Солто болсо анын айткандарын унчукпай жазат. Жазылгандарды Шаменге окуп берет да “колду коюп, мөөрдү басышалы” дейт Солто. Өзүнө ыраазы болгон Шамен дароо колун коюп, мөөрүн басат. Анан экөө шашпай тамактанышып, эл-журтка тынчтык тилеп, бата кылышып, ордуларынан турушат. Эки калыс эл алдына чыкканда казганактап турган көпчүлүк чыгарылган бүтүмдү тез угууга ашыгышат. Солто бийик жерге көтөрүлүп, эки элдин тынчын алган дооматтын бүткөндүгүн билдирген бүтүмдүн чечимин окуй баштайт:
1. Өзү барып катылып өлгөн адамга кун төлөнбөйт!
Солтонун коңур добушу угулганда Шамен укпай калгандай оозу ачылып, солто-сарыбагыш эли “атаны кокуй ай-йе, ишенген кожобуз сууга аккан тура” дешип, турган эл деңиздей толкуп, калган чечимди угууга кулак түрөт.
2. Чакырыксыз келген атка байге жок!
3. Саяк-сарыбагыштын чек арасы Кыз-Күйөө менен ажыратылсын!
Ажыратылсын! Ажыратылсын! – деген үндөр туш-тараптан угулуп, уккандардын бир тарабы күлүңдөп, бир тарабы чоктой күйөт. Муну уккан Шабдан баатыр: “Атаңдын көрүү-ү, баарыбызды бириктирип жалгыз Солто сойду ээ!”, - деп атын моюнга чаап, бастырып кетет.
Ошентип, бугу-саяк эли дагы бир тагдыр сыноосунан ушинтип, Солто чечендин тунук акыл, айлакерлигинен чыгып кеткен экен. Бүтүмдү Солто чечен Шаменге оозеки айттырып коюп, кагазга өз оюн жаза берген. Анткени Шамендин кат-сабаты жоюлган эмес. Бүгүнкү чындык, Ысык-Көл облусунун Кыз-Күйөөдөн башталганы – ошондогу Солтонун чечими.

(мендеги бул маалыматтар көп жыл мурда чырпыктылык санжырачы Камчыбек Исраиловдун айткандарынын негизинде жазылган).

23/02/2024

МАКСҮТ БОЛУШ САЯКБАЙ КАРАЛАЕВГЕ БАТА БЕРГЕН
Ал мындай болгон: Күңгөй саяктардын болушу Максүткө арык тукумунун болушу Кененбай келип, аттан түшпөй учурушат.
- Ии келчү эмес элеңиз, аттан түшүңүз, - дейт Максүт болуш.
- Бир иш менен келдим, бүтүрсөң түшөйүн, болбосо аттын үстүнөн кете берейин, - дейт Кененбай.
- Мен бүтүрө ала турган ишпи? - дейт.
- Ошон үчүн келдим да, - дейт.
- Анда айта бериңиз, - дейт Максүт.
Ошондо Кененбай аттын үстүнөн айтып жатат дейт:
- Менин бир тору быштым бар эле, сенин чаар байталың чанып кетти.
- Тору быштыңдын эмне жүрүшү бар? - деп сурайт Максүт.
- Жаңылбаган чоң жүрүшү бар, чоң жомокторду айтат, - дейт Кененбай болуш.
- Андай болсо түшкүлө, - деп аларды аттан түшүрүп, Кененбайды үйгө киргизип, төргө отургузат. Артынан кирген Саякбай босогодо отуруп, Манас айтып баштайт.
- Токтоткула, - дейт Максүт. Манас айткан адам босогодо отурмак беле. Үстү-башын жаңылап келгиле, - дейт жигиттерине.
Жигиттери аны алып кетип, жуунтуп-тазалантып, жаңы кийимдерди кийгизип киришет.
- Кел мында, - деп Максүт болуш Саякбайды Кененбай экөөнүн ортосуна төргө отургузуп, Манас айттырат.
- Манас айтылып бүткөндөн кийин сый тамак берет.
- “Жанагы чаар байталды айдап келгиле” деп ата-энеси менен алдыртып, Саякбайдын колуна салып берет. “Эгерде кызың кайра келсе, тогуздап мал салып, айыпка жыгам”, - деп узатат.
Ал Саякбайга бата берген. Кийин Саякбай Каралаев Максүт болушту көп айтып, ушул кишинин батасын алгам, - дечү экен.

(Маалымат манасчы Дөөлөт Сыдыковдон жазылып алынган).

Want your school to be the top-listed School/college in Бишкек?

Click here to claim your Sponsored Listing.

Location

Address

Улица АКбдымомунова, 193
Бишкек
68451