30/03/2023
Сайтыбызга катталып, баштапкы сабактарды 100% бекер көрүңүз. Жакса толук сатып алыңыз.
1) Өз алдынча темаларды оңоюнан татаалына чейин бат үйрөнүүгө багытталган.
2) Сайтыбызды колдонуп көрүңүз. Жагат деп ишенебиз.
3) Курсту сатып алгандар менен кайтарым байланыш жана түз эфир суроо-жооп сабактар болот
*гугл хром сыяктуу браузерлерден “bilimot.kg” деп жазып кириңиз.
*сайтка бекер каттала албай жатсаңыз же баштапкы сабактарды бекер көрө албай жатсаңыз бизге жазыңыз.
Жардам берүүгө даярбыз.
26/03/2023
6 жыл… Кыбыраган кыр ашат… Билимот командасынын мүчөлөрү учурда баарыбыз окууну аяктап өз тармагыбызда иштеп жүрөбүз.
Азиз (агай) – тоо-кен тармагында химик, Алтынбек (менеджер) – Кумтөрдө геолог, Нурбек (IT)– программист, Темирлан (фин.-менеж.) – аудитор жана менежер. Дагы максатыбыз бир болгон жаңы студент мүчөлөрүбүз да бар.
Биздин максаттырыбыздын бири – Кыргызстанда кесипкөй адистердин санын көбөйтүү. ЖРТ тармагын тандап ишибизди баштаганыбыз менен, келечекте платформабыз спорт-хобби-техникалык билим-тилдер ж.б.у.с. бардык багыттарды камтыйт. Бул үчүн 5-10 же 20 жыл кетсе да, акырындык менен сапаттуу контент жасап иштей беребиз деген ойдобуз.
Чоң максаттарга бирге кадам таштайлы, бийиктикти бирге багындыралы!
30/09/2022
Кызыктуу сабактар 🎯⛳️🎲🎮 Билимдин чыныгы жашоодо колдонулуусун билбесек, анда маалыматтын пайдасы канчалык бар? Билимот сабактары менен ЖРТ сынагына даярдан. Эффективдүү жана сапаттуу материалдар.
🔴 Курстар боюнча маалымат алуу үчүн комментарийге “+” калтыр.
09/03/2022
Туура жообу … варианты ✍️
#ЖРТ #математика
08/03/2022
Туура жообу … варианты👇
#математика #химия #финансылыкжардам
19/02/2022
🌕 «Билимоттун алтыны» эми «Кумтөрдүн алтыны» 🧪 🎊🎉 Башкы менеджерибиз Алтынбек Алижан уулуну “Кумтөр Голд Компаниге” жумушка орношуп иштеп баштоосу менен куттуктайбыз.
🔺Биздин мүчөлөрүбүздүн максаты - өз окуубуз жана жумушубуз менен кошо Билимотту бирге иштетип кетүү. Офлайн түрдө иштегенибизде эки жумушту алып кетүү оорго турмак.
🔺“Modern problems require modern solutions (заманбап көйгөйлөр заманбап чечим талап кылат)” дегендей, бизге IT тармагынын мүмкүнчүлүктөрү окуучулар үчүн ыңгайлуу сайт түзгөнү жардамчы болду. Учурда өз жумушубуздабыз, бирок күнүнө жүздөгөн окуучулар биздин ЖРТ математика, химия боюнча жалпы миңге жакын видео сабактарыбызды, тесттерибизди, экзамендерибизди жана сынамык тесттерибизди интернеттин жардамы менен 24/7 окуп жатышат. Андан сырткары ютубдагы сабактарыбызда да күнүнө орточо 500 көрүү болууда.
🔺Сайтыбызда суроолор чыгарылышы менен болгондуктан окуучуларыбыз биздин тикелей жардамыбызсыз көпчүлүк маселелердин чыгаруу жолдорун үйрөнө алат. Андан сырткары суроо-жооп чаттарыбыз жана жумасына түз эфирде суроо-жооп сабактарыбыз да (химия боюнча) болуп турат.
PS.
Кумтөрдө сүрөткө түшүп интернет булактарында таратууга уруксат эмес экен.
08/02/2022
Карга 🐥баласын аппагым дейт. Биз да курсубузду эң сапаттуу, эң ыңгайлуу жана немистердикиндей 👮♂️ так программа менен түзүлгөн деп айтабыз.
✅ Математика-1: 1850 сом (группа менен), өз алдынча 1490 сом. 🗓15-февраль башталат.
✅ Математика-2: 1850 сом (группа менен), өз алдынча 1490 сом. 🗓 25-февралдан башталат.
Видео сабактар, тесттер, сынамык тесттер жана чыгарылыштары. Группа менен окуганда суроо-жооп сабактар менен кошо экзамендер жана конспект текшерүү да болот.
Бардык суроолор б-ча: 0776981200 (ватсап)
08/02/2022
Канча суроону туура чыгардыңыз ?🤔Комментарийге жазыңыз.
#математика2 курсубуз боюнча үзүндү суроолорду жакынкы күндөрү жарыялайбаз.
08/02/2022
#конкурс 🎁 Комментарийге 3 досуңду белгилеп бекер курс утуп ал (өз алдынча окуу математика-1).
✅ Математика-1: 1850 сом (группа менен), өз алдынча 1490 сом. 🗓15-февраль башталат.
✅ Математика-2: 1850 сом (группа менен), өз алдынча 1490 сом. 🗓 25-февралдан башталат.
Конкурстун жыйынтыгы 25-февралда аныкталат. Математика-1 ди 25не чейин сатып алган окуучу утуп алса, башка өзү каалаган курсту бекер ачып беребиз.
23/12/2021
Билимоттун химия жана математика агайы Азизбек Озбековду жумушка орношуусу менен куттуктайбыз 🎉 🎊 Кара-Балта шаары, геохимиялык аналитикалык лаборатория.
20/12/2021
Математика. Чыныгы ЖРТ 2020-2021. Туура жообу … варианты 👇